Ош шаарында өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү камалган

Ош шаарында өткөн жылы ИИМдин атайын тизмесинде турган кылмыштуу топтун 8 мүчөсү камалган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош ШИИБинин криминалдык милиция кызматы ушул жылдын 1-чейректеги планына ылайык 23-25-январь күндөрү "Бандит" деген аталыштагы иш-чара өткөрдү.

Рейддин жүрүшүндө Ош шаарында жашаган ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 16 жаран алып келинип, профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Аларга мыйзамды бузбай, коомдук тартипти сактап, эл катары тынч жашоо зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө турган, кылмыш жасоого кызыкдар, кылмыштуу топтор менен мурда байланышы болгон жана мурда соттолуп чыккан жарандар менен дагы профилактикалык эскертүү жумуштары аткарылды. Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жумуштар аткарылды:

Мурда жасалган 57 кылмыштын бети ачылды;

4 издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жаран кармалды;

2 дайынсыз жоголгон жарандардын жүргөн жери аныкталып, туугандарына маалымат берилди;

Мыйзамсыз караңгылатылган 22 автоунаа кармалды.

"2019-жылы Ош шаарында ИИМдин атайын тизмесинде турган уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсүнүн үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүп, учурда алар жазаларын өтөп жатышат. Бир адамга издөө жарыяланган. Ыкчам маалыматтарга караганда, Орусияда жашырынып жүрөт. Ал эми калган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн иш аракеттери Ош ШИИБинин көзөмөлүндө турат. Жалпысынан ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ош шаарында 34 адам турат. Алардын бирөөсүнүн үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. 2019-жылы жалпысынан 16 кылмыштуу топтун мүчөсүнүн үстүнөн 23 ирет кылмыш иши тергелген. Натыйжада 8 жаран абакта. Ал эми 9 адам Ош шаарынан чыгып кетишкен. Ош шаарында 16 жаран милициянын көзөмөлүндө. Алар тарабынан кандайдыр бир кылмыш жасоого аракеттер боло турган болсо чечкиндүү чаралар көрүлөт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Absamat-90
2020-01-27 10:32:17
Албетте мурункудай калкалаган эч ким жок, оз алдынча мыйзам чегинде иштесе ушинтип эле чара коруп баарын кармайт.
0
murat17
2020-01-27 11:37:28
Absamat-90,койгулачы бул жон гана эл козу учун кылып жатат калптан эле же жонокой эле тоок уурулар булар главный уурулар чартанбай тееп журушот наборот Бакиевдин тушунда черныйларды иттей кырган азыр бийлик черныйлар менен жакын мамиледе черныйлар менен иш алып барышат
+1
chake
2020-01-27 10:54:28
Буга чейин Уурусу да коррупционери да мыйзам талаасынан чыгып жургон болсо азыр баары мыйзам талаасына кайтып келиш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан