Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага күйөрмандары акыркы үлгүдөгү Lexus NX 200 автоунаасын белек кылышты. Учурда Египетте эс алып жүргөн Самара жаңылыгы тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Жакында Орусиянын Мамлекеттик Думасынан ыраазычылык кат алгандан кийин менин чыгармачылыгымды баалаган Бакыт аке менен Назира эже жаңы темир тулпар белек кылышты. "Москвага келип Кремлге концерт коюп, кыргыздардын беделин көтөрүп кеттиң" деп күтүлбөгөн жерден мага акыркы чыгарылыштагы Lexus NX 200 темир тулпарын тартуулашты. Мындай белекти күткөн эмесмин чынында, аябай кубандым. Бакыт аке менен Назира эже көп жылдан бери келаткан менин туруктуу угармандарым. Ар дайым концертиме келишет, чыгармачылыгымды баалашат. Аларга терең ыраазычылыгымды билдирем!" - дейт ырчы.