Октябрь РИИБинин кызматкери ок атты. УКМК кылмыш ишин козгоду

Бишкекте Октябрь РИИБинин кызматкери эс алуу жайында ок чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 22-декабрь күнү болуп, бул факты боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"22-декабрь күнү саат 04:00 чамасында Октябрь РИИБинин кызматкерлери К.А. аттуу жаран менен пикир келишпей уруша кеткен. Милиция кызматкери ошол учурда Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен ок чыгарган. Бул факты "бейбаштык" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкеринин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга үй камагына чыгарылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Октябрь РИИБинин кызматкери жанындагы жигитке ок атты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2020-01-27 11:26:18
Видеодон баарынын мас экени байкалып эле турбайбы, бактыга жараша эч ким жабаркаган эмес экен. Ошондуктан жумуштан кийин тапанча алып журууго тыю салуу керек.
+3
chake
2020-01-27 11:27:53
бир ушундай чала сабат кызматкер бүтүндөй бир органга көлөкө түшуруп жатат
+5
Jaznura
2020-01-27 11:28:32
Ээнбаш акмактар. мына ушундайлардын көбүрөөк сазайын бериш керек.
+3
Alimbek1000
2020-01-27 11:36:34
Ээнбаштык кылбагыла азыр АШАнын заманы эмес!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан