Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторовдун алтынчы баласы жарыкка келди. Үй-бүлөсүндөгү толуктоо тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Кызыбыз 25-январда жарыкка келди. Атын Сафия деп койдук. Азыр апасы менен кызыбыздын абалы жакшы", - деп билдирди ал.
Эске салсак, Бактияр Токторовдун биринчи никесинен 1 кызы бар. Учурда жубайы менен 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.