Бишкекте менчик ишкананын директору алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте менчик ишкананын директору алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2019-жылдын июнь айында И.Ч аттуу аялдан 50 миң сом өлчөмүндөгү акчаны алып, алдап кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө тобу бул ишке шектүү катары 1991-жылы туулган К.Н. аттуу келинди кармаган. Учурда келин ушул же башка сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

Милиция кызматкерлери кимде-ким шектүүдөн жабыркаган болсо, төмөндөгү номерлерге чалууну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0708 807-027, 0555 102-670.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан