Аламүдүн районунда эки классташтын урушу өлүм менен аяктады

Аламүдүн районунда эки классташтын урушу өлүм менен аяктады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине денесинен жаракат алган жаран келип түшкөнү кабарланган. Бул факты боюнча ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, чоо-жайын аныкташкан. Анда жаракат алган жаран 34 жаштагы И.А. экендиги аныкталган. Окуя Маевка айылында болгон, анда эки эркек пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Көп өтпөй ооруканага түшкөн жаран эсине келбей каза болгон. Бул ишке шектүү катары 33 жаштагы К.У. аттуу жаран кармалган.Териштирүү иштеринин жүрүшүндө аталган эки жаран классташ болгондугу аныкталган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан