Жарандык активист Нурказы Батырбеков: "Өкмөттүн саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү ишине "нөл" деген баа берем". КҮНСОБОЛ

SUPER.KG порталы "Бейтап рак менен күрөшөбү же гепатит мененби?". Өлкөдө өмүргө зарыл жабдуу жок" деген аталыштагы иликтөөнү даярдаган. Анда ата-энелер онкологиялык ооруга кабылып дарыланып жаткан балдар гепатит С дартын жуктуруп алышканын айтып беришкен. Тилекке каршы, редакцияга кайрылган ата-энелердин балдары көз жумган. Балдар онкологу Султан Стамбеков өткөн жыл ичинде онкологиялык балдар борборунда 200дөн ашык бала дарыланып, алардын ичинен 11и гепатит С илдетине да кабылганын айтты.

Биздин редакцияга кайрылган ата-энелер жана активисттер буга канды залалсыз кылган ПЦР аппаратынын жоктугу себеп болуп жатканын белгилешет. Активисттер "Качанкыга чейин бейтаптар чет өлкөгө барып дарыланууну улантат?" деп да суроо салып, саламаттыкты сактоо тармагындагы бул маселелерди чечүү керек деген талаптарын айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "SUPER.KG иликтөөсүндө чагылдырылгандай, онкологиялык илдетке кабылгандар ПЦР аппаратынын жоктугунан улам гепатит С илдетин жуктуруп алып жатканы айтылууда. Өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу сизди канааттандырабы?" деген собол салды.

Бул суроого жарандык активист Нурказы Батырбеков өкмөттүн саламаттыкты сактоо тармагында жасаган ишине канааттанбайт. Айтымында, эгер ал тармакка өкмөт көңүл бөлгөн болсо, бул жаатта азыркыдай көйгөйлөр болмок эмес.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги мага гепатитке каршы 30 миң дозаны Орусия менен сүйлөшүп, алып келе жатышканын айтты. Бирок бул сөз жүзүндө гана айтылды, кагаз түрүндө көрсөтүлгөн жок. Мыйзамда министр бул маселени сөз жүзүндө айтканга укугу жок болчу. Анын кыла турган иши кагаз түрүндө көрсөтүлүшү керек эле. Эгер аткарыла турган иш кагаз түрүндө көрсөтүлсө, ал далилдүү болот. Айткандарына эки ай болду, азыркыга чейин жыйынтык жок. Эмне кылып жатышканын эч түшүнбөйм, эстеген сайын кан басымым көтөрүлүп кетип жатат. Ал эми гепатит дарты боюнча маселе көтөрүлгөндөн кийин деле министрлик тарабынан дагы, өкмөт тарабынан дагы эч кандай иш-аракеттер жүргөн жок.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бизди ынандыра тургандай эч нерсе кыла элек. Мындан улам мен ага "нөл" деген баа берем. Анткени өкмөт бул тармакка тиешелүү аракетин көрө элек. 11 айдан бери комиссия түзүп жатканын айтышат же андан жыйынтык жок. Комиссия үчүн 11 ай бул абдан чоң мөөнөт. Ал эми быйылкы жылы саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү маселелерди акча жок деп карабай коюшту ", - деди Батырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан