10дон ашык кылмыш ишине катыштыгы бар делинип 45 жаштагы аял кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери бир нече ирет алдамчылык кылганга шектелген аялды кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат катчысы кабарлады.

"Ушул жылдын 21-январында шаар тургуну Т.Ж. арыз менен кайрылып, Айнура аттуу чала таанышына карата чара көрүүнү суранган. Арызда 2017-жылдын февраль айында жабырлануучунун таанышы акчасын көбөйтүп берем деп ишенимге кирип, 420 миң сомун алганы жазылган. Акчаны көбөйтүп берем деген аял жүргөн жерин жашырып, качып жүргөнү айтылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катары 1974-жылы туулган Н.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүнүн мындан башка дагы 16 ишке катыштыгы бар экендиги аныкталды. Шектүү делинген жарандын кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо үчүн тергөө иштери улантылууда", - деп билдирет басма сөз катчысы.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, 102ге же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнүшөт.

Байланыш номерлери: ‭0(709) 249-900; 0(700) 669-664; 0(552) 777-784.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
guard
2020-01-27 23:46:44
Суроту корунбосо кантип айтышат эле...
+1
Asyl10
2020-01-28 13:58:20
Менден да 1-2 адам карзга акча алып,ошол бойдон телефондорун озгортуп качып журушот. Келгенде тим эле дин жолунда жургон адам болуп, жалдырап, ото зарыл болуп атат десе боорум ооруп берип койуптурмун, эми жок. Милицияга берейин деп озу совести менен келип берип кетээр деп отурам. Карыз толоо бул парз да, бироонун акысын алдап кеткен адам артка кетсе кетет,бирок жыргабайт. Ошол адамды таап акчаны ондуруп берем дегендер болсо,ЖАЗГЫЛА, акысын жакшы толоп берем. Коллекторлорго кайрылсамбы?.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан