Бишкекте уурулукка шектелген жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Биринчи Май РИИБинин маалымат катчысы билдиргендей, шектүү учурда убактылуу кармоочу жайда.
"20-январда Биринчи Май РИИБине шаар тургуну Г.А. кайрылып, чөнтөгүнөн смартфонун уурдаган белгисиз жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арызда окуя 20-январда саат 14:00 чамасында Чүй кең көчөсү менен Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө орун алгандыгы жазылган. Жабырлануучу уурдалган телефонун 17 миң сомдук деп белгилеген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делинип 1987-жылы туулган Б.Ш. аттуу жаран борбор калаадан кармалды. Учурда шектүүнүн мындан башка кылмыш иштерине катыштыгы бар экенин аныктоо үчүн иликтөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришет маалымат кызматынан.