
Бишкекте №138 жана №212 багытындагы жүргүнчү ташыган маршруттук унаалардын катышуусунда жол кырсыгы орун алып, 14 жаштагы өспүрүм жаракат алды. Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсык 24-январда болжол менен саат 07:40 чамасында орун алган.
"Маршруттук унаалар Чүй кең көчөсү менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинен сүзүшкөн. Айдоочулар окуя болгон жерден белгисиз тарапка кетишкен.
Кырсыктын кесепетинен унаалардын биринин 2005-жылы туулган А.Ж. аттуу жүргүнчүсү жаракат алып, №3 балдар ооруканасына кайрылган.
Бүгүн, 27-январда милиция кызматкерлери тарабынан №138 маршруттук таксинин айдоочусу 1998-жылы туулган Б.М. жана №212 маршруттук таксинин айдоочусу 1970-жылы туулган Г.А. кармалды", - деп билдирет басма сөз катчысы.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.