Бишкекте эл ташыган маршруттук такси менен жеңил унаа сүзүшүп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 28-январь күнү таңкы саат 06:15 чамасында Жукеев-Пудовкин
көчөсүндө болгон.
"Mercedes-Benz Sprinter унаасы Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түндүк багытка бара жатып, Сүйөркулов көчөсүнүн кесилишинен солго бурулганда, Мерседес-Вито унаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада кырсыктан эки маршруттук таксидеги эки жүргүнчү жабыркаган. Алар 1987-жылы туулган И.А. жана 1996-жылы туулган Ж.А. Учурда алар ооруканага жөнөтүлгөн. Бул кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деди басма сөз кызматынан.