Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда айдоочу рулга ээ боло албай калып, токтоп турган Hyundai Porter унаасын сүзгөн

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 12-чакырымында Hyundai Porter унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, токтоп турган Hyundai Porter унаасын сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Куткаруучулар жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага жеткиришкен.

Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 14-чакырымында, тактап айтканда, ГЭС-5 айылында Субару унаасы менен Фольксваген-Гольф унаасы кагышкан.

Кырсыктан жабыркагандар жок.

Мындан сырткары, Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда оор жүк ташуучу унаа жолдун четине чыгып тыгылып туруп калган. Жерине ӨКМдан 2 куткаруучу КамАЗ унаасы менен барып, тыгылып калган унааны жолго чыгарып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан