Президент Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын чечимине кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге 2020-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөргө чара көрүү сунушталды.

Мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды алмашуунун жоктугу үчүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилерине эскертүү берүү сунушталды:

  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
  • Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги;
  • Мамлекеттик миграция кызматы;
  • Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат;
  • Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги;
  • Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;
  • Жогорку аттестациялык комиссиясы;
  • Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги;

"Түндүк" мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системи аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун автоматташтырууну создуктургандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берүү сунушталды.

  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

Маалымкаттарды автоматташтыруу процессин создуктургандыгы үчүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берүү:

  • Юстиция министрлиги;
  • Мамлекеттик салык кызматы;
  • Мамлекеттик каттоо кызматы;

"Мектеп медицинасы - IT-бейтапкана" жана "Акылдуу мектеп" долбоорлорун 2019-жылдын 1-июлунан тартып киргизүү боюнча иш создуктурулуп жатканы үчүн төмөнкү министрликтин жетекчилерине сөгүш жарыялоо сунушталды.

  • Саламаттыкты сактоо министрлиги;
  • Билим берүү жана илим министрлиги;

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына жана анын орун басарларына, Социалдык фондунун жетекчилигине катуу сөгүш берүү сунушталды.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системдүү кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине мекемелик көзөмөлдүн жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.

Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Коопсуздук кеңештин катчылыгына жүктөлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан