Мурун соттолгон адам уурулукка шектелип кармалды

Уурулукка шектелип мурун соттолгон адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"24-январь күнү Аламүдүн РИИБине 22 жаштагы Таш-Дөбө айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда 23-январь күнү саат 19:00 чамасында белгисиз адам үйүнө кирип, жалпы суммасы 43 миң сомго бааланган уюлдук телефон, ноутбук жана электр курулуш инструменттерин уурдап кеткени айтылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталган. Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында уурулукка шектелип, мурун соттолгон 49 жаштагы И.К. кармалган. Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан