Баткен облусунун Кадамжай районунда 26 жаштагы жаран бычактан жаракат алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 20-январь күнү саат 22:30 чамасында болгон. Анда Кадамжай районунун тургуну 26 жаштагы М.К. пикир келишпестиктен улам он колунун билеги бычактан жаракат алган.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары А.А. аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми жабырлануучу ооруканада", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.