Арызыңды ал. Сойкулукка иштөөгө мажбурланган 16 жаштагы кыздын апасына коркутуу болду

Күч колдонулуп, каалоосуна каршы притондо иштөөгө мажбурланган 16 жаштагы кыздын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жашаган апасына белгисиз адамдар тарабынан коркутуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыздын таежеси билдирди.

"26-январь күнү түндө эжемдин үйүнө 2 эркек, бир аял барыптыр. Алар "милицияга жазган арызыңды ал, албасаң көрөсүң!" деп коркутушкан. Алар үйдө эки жарым сааттай отурушкан. Ал убакта эжем эч кимге телефон чала алган дагы эмес. Себеби алар мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Болгону ал кошуналарын чыкырганга гана жетишкен. Бирок алар келгенде дагы алар кетүүгө аракет кылышкан эмес. Ал эми милиция кызматкерлерине телефон чалышканда, алар келбей койгон. Эртеси эжем Ак-Суу РИИБине барып арыз жазды", - деди ал.

16 жаштагы кыздын таежеси "жээнимди 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан бейтааныш 2 адам Бишкекке алып келишип, андан соң күч колдонулуп, каалоосуна каршы притондо иштөөгө мажбурланган" деп билдирген. 23-январда Ленин райондук соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга камакка алышкан.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 21-ноябрь күнү Ленин РИИБине М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү сураган арыз түшкөн. Арызда ал 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жашы жете элек, оорулуу сиңдисине карата күч колдонуп, каалоосуна каршы притондо 12-ноябрдан бери иштөөгө мажбурланганы жазылган. 23-декабрь күнү арыз менен кайрылган жаран дагы арыз жазып, 2003-жылы туулган сиңдисин 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бейтааныш 2 адам белгисиз унаага салып, Бишкекке алып кеткенин айткан. Аталган фактылар Ленин РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166-берене (сойкулук кылууга тартуу) жана 170-берене (киши уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
isarti
2020-01-28 17:58:45
Бандиттердин олкосу болуп баратабыз десе намыстанабыз.
+14
Absamat-90
2020-01-28 18:10:52
isarti, Мындай акмактарды ото катаал жаза менен жазалоо керек. Керек болсо олум жазасына тартуу керек.
+11
Jaznura
2020-01-28 18:43:02
isarti,сен өзүң ошентип ойлоп жатсаң сен да бандит турбайсыңбы?
-15
murat17
2020-01-28 20:28:31
Jaznura,ал адам туура эле айтты азыркы бийлик "черныйлар" тили бир каерге барба чала черныйлар менен черныйлар толтура
+9
Kyrgyz_bloger
2020-01-28 18:01:33
Эмне деген олко болдук милициясы кайдагы бир сутинерлорго алы жетпесе,вор закон криминалды кантип жок кылат,ушундай тартип жок олкодон элдер тышка кете берет да.
+11
Asyl10
2020-01-28 18:09:02
Kyrgyz_bloger, Ошо сутенёр менен проституткаларды менттер оздору крышовать этип журсо, алар келмек беле. Азыр милицияга чакырсан келбейт. 102 ге чалып бул жерде бироолор мушташып атышат десенер, милиция келбейт, бирин-бири жанчып бутуп бироосу олгучо кутуп турушат. Кечээ жакында эле магазиндин алдындаэки эргул 1 саатча алышышты,бири качып бекинсе,экинчиси эшигин талкалап ит болушту, милицияга чалсак бош сотрудник жок, участковый да бош эмес деп келбей эле коюшту.
+10
Nursul
2020-01-28 19:34:08
Рейт жүрүп атат деп күнөөм жок эле жакында
Олозо таяк жеп чыктым бир нерселерди
Айтып ушуну сен кылгансың деп сабашкан айбандар
+5
Jasa
2020-01-28 20:10:35
Неге келбейт участковый,иштен алсын
+3
Aimani
2020-01-29 00:14:22
Эми бул кыздын апасы, таежеси ушинтип журналисттер аркылуу элге жеткирип турбаса милиция бирин бири жаап жашырып ишти жаап салышат. Тиги эргулдар акчаны баарынын оозуна тыгып кутулуп кетишет да, кайра булардан өч алышат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан