Өткөн аптада Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Бүгүн, 28-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынынын чечимине кол койду. Анда айрым министрликтердин, мекемелердин жетекчилерине чараларды көрүү сунушталды. Ошону менен катар эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системдүү кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине мекемелик көзөмөлдүн жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Президент Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынынын жыйынтыгы боюнча чечимге кол коюп, жалпы жонунан аткаминерлерге эскертүү берүү менен гана чектелди. Бул чара жетиштүүбү?" деген собол салды.
Саясат таануучу Бектур Асанов чара жетиштүү эле болгонун айтты.
"Эскертүү, сөгүш жарыяланып, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси жумуштан кетти. Бул президенттин биринчи гана кадамы болду. Коопсуздук кеңештин кийинки жыйынында бир тобун кызматтан алат. Президент аябай туура маселелерди айтты. Ал коомдо болуп жаткан маалыматтардын баарынан кабардар экен", - дейт Бектур Асанов.