Ошто чет элдик студентти карактагандар кармалды. Окуя 27-январда орун алганын Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ош шаарындагы Раимбекова көчөсүндө индиялык студентти белгисиз жарандар токмоктоп, тоноп кетишкен. Бүгүн, 28-январда Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүү делинген 2 жигит кармалганын билдирди маалымат катчы.