"Манас" эл аралык аэропортунда Түркияга бир тууган эжесинин паспорту менен учууга аракет жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы билдирди.
"Бүгүн, 28-январда чек ара кызматкерлери Бишкек-Стамбул багыттындагы рейстин жүргүнчүсү 1997-жылы туулган А.Б. кызы аттуу жаранды кармашты. Ал чек арадан бир тууган эжесинин паспорту менен өтүүгө аракет кылган", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.
Тийиштүү документтер топтолгондон кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.