Мурда соттолгон! Токмокто маршруттук унаада уурулук кылганга шектелген жаран кармалды

Токмокто 59 жаштагы чөнтөкчү кармалды. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, кармалган жаран мурда соттолгон.

"2019-жылдын декабрь айында Токмок шаарынын 28 жаштагы тургуну укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу маршруттук таксилердин биринен анын телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткенин кабарлаган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурулук" беренеси менен катталган. Шектүү катары мурда соттолгон 59 жаштагы Д.Ж. кармалды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2020-01-28 23:14:50
Карыганда уурулук кылбай акыл айтып отурбайбы неберелерине, сүрөтүн чыгарып койбопсуңар да оңбогур чалдын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан