Баткен облусунун Кадамжай районунда 26 жаштагы жаранга бычак сайды деп шектелген жарандын баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя 20-январь күнү саат 22:30 чамасында болгон. Анда Кадамжай районунун тургуну 26 жаштагы М.К. пикир келишпестиктен улам он колунун билеги бычактан жаракат алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары А.А. аттуу жаран кармалган.