Оштун борбордук аянтында крим чөйрөнүн 5 өкүлү кармалды. Алар унаада бара жатканда укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөнүн Ош ШИИБинин маалымат катчысы кабарлады.
"Атайын жүргүзүлгөн операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары атайын тизмеде турган 5 жаран кармалды. Алар адамдарга карата бейбаштык жасаганга шектүү катары кармалышты. Кармалгандарын төртөө Ош облусунун, бирөө Ош шаарынын аймагында туруктуу жашашат", - дейт басма сөз катчы.
Алар:
А. уулу Э., 1993-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
Р.Э., 1992-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну;
У.Э., 1992-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
Р.Н., 1984-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну;
А.М., 1985-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.
Учурда кармалгандарга карата 266-берене (бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ыкчам иликтөө иштери башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн кимисинин канчалык деңгээлде кылмышка тиешеси бар же жоктугу аныкталарын кошумчалады мекемеден.