Депутат Аалы Карашев: "Сот реформасы ойдогудай натыйжаны бербей жатат". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар сотторго болгон ишеним төмөндөп жатканын айтышты. Анда Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева соттордун кадыр-баркы түшүп кеткенин моюнга алып, кээ бир судьялар кадыр-баркты түшүрүп жатканын билдирди. Мындан ал өзү да уяла турганын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Жогорку Соттун төрайымы судьялардын кадыр-баркы түшүп кеткенине уяларын айтты. Сот бийлигинин бул абалга жетишине соттук корпус өзү күнөөлүү эмеспи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев сот реформасы ойдогудай жүрбөй жатканына токтолду.

"Сот реформасын көп жылдан бери жүргүзүп келе жатабыз. Тилекке каршы, реформа ойдогудай натыйжаны берген жок. Сот бийлигине элдин ишеними болушу керек. Алар көз карандысыз болушу шарт. Жогорку Соттун төрайымы ачык айтып, көйгөйлөр бар экенин моюнуна алды. Эл тарабынан сотко болгон көп сын-пикирлер, нааразычылыктар бар. Сот акыйкат, мыйзамдуу чечим чыгарышы зарыл", - дейт Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан