Бычак менен коркутуп каракчылык кылгандар кармалды

Смартфон үчүн денесине залал келтирип, каракчылык кылгандар ыкчам топтун кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Бишкек ШИИББинин басма сөз өкүлүнүн билдирүүсүнө ылайык, кылмышка шектүүлөрдүн экөө 18 жашта, бирөө 17 жашта.

Ушул жылдын 25-январында Биринчи Май РИИБине шаар тургуну У.К. арыз менен кайрылган. Арыздануучунун айтымында, Илийская көчөсүндөгү үйлөрдүн алдынан 3 белгисиз жаран денесине залал келтирип, бычак менен коркутуп телефонун тартып алышкан. Телефондун баасы 19 миң 800 сом экенин билдирген жабырлануучу.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2001-жылы туулган К.К. жана Н.Э., 2002-жылы туулган Д.Ж. колго түшүрүлдү. Шектүү делинген жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда алардын мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экенин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2020-01-29 23:47:59
Чыныгы жашоону киного салыштырбагыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан