Болливуд жылдызы Приянка Чопра "Матрица" тасмасына тартылышы мүмкүн

Атактуу Болливуд жылдызы жана "Дүйнө периси" наамынын ээси Приянка Чопра "Матрица" тасмасынын 4-бөлүгүндө тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда "Warner Bros." жана "Village Roadshow" компаниялары менен актрисанын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Актриса тасмада кимдин ролун жаратары азырынча маалым эмес. Эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болсо, Чопра Киану Ривз, Кэрри-Энн Мосс, Нил Патрик Харристердин катарына кошулат.

"Матрицанын" 4-бөлүгү Түндүк Калифорнияда жакында тартылып баштамакчы. Бет ачары 2021-жылы 21-майга пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nursul
2020-01-30 15:46:29
Голливуд жылдызы туура жазсаныздар
-4
bahabaike
2020-01-30 16:08:05
Туура эле жазылып турат Индия жылдыздарын Болливуд деп коет.
+2
Aselya_9105
2020-01-31 09:20:20
Nursul, туура эле жазылып турат. Голливуд менен Болливуд эки башка.
0
Eliza-Arapbaeva
2020-01-31 11:43:07
Андан коро биздин Анжеланы же Самашты тартышса болмок. Рейтинг жогору болмок)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан