Депутат Турсунбеков: "Акылдуу эсептегичтин" негизинде эсептер эки эсеге көп келип жатат"

Депутат Чыныбай Турсунбеков "акылдуу эсептегичтин" негизинде эсептер эки эсеге көп келип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акылдуу эсептегичтин" негизинде эсептер эки эсеге көп келип жатат. Мурда электр энергиясын колдонгонго 100 сом келсе, азыр 200 сом келип жатат. Кышында иштебеген пансионаттарга жайында келгендей эсеп келүүдө. Мындай иштер кимдин кызыкчылыгына иштеп жатат? Бул сыяктуу маселелерди эрте колго албаса, эл арасында нааразычылыктар күчөп кетет", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан