Депутат Карашев: "Анализдеп көрсөк экспорт алтындын эсебинен эле өскөн. Алтынды кошпогондо экспорт 5 пайызга төмөндөп жатат"

"Анализдеп көрсөк экспорт алтындын эсебинен эле өскөн" деп бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди.

"Расмий маалыматтар боюнча, инфляция 5,7 пайызга өскөн. Орточо айлык 5,3 пайызга гана өсүп жатат. Буга өтө көңүл буруш керек. Бул жакшы көрсөткүч эмес. 2019-жылдын 11 айында жыйынтыгы менен экспорт 9,4 пайызга өскөнүн айтып жатабыз. Аны анализдеп көрсөк, бул алтындын гана эсебинен болууда. Алтын жок болгондо экспорт 5 пайызга төмөндөп жатат. Бул нерсени анализдеп чара көрбөсө жакшы болбой калат. Орусияга болгон экспорт төмөндөп жатат", - дейт Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан