"Өкмөт башка жарандыкты алганда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга багытталган мыйзам долбоорун чакыртып алышы керек", - деп бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
"Жакында 23-январда Юстиция министрлиги "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда Кыргыз Республикасынын жараны башка жарандыкты алганда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготот деп жазылган. Бул мыйзам кабыл алына турган болсо кыргыз мигранттарына өтө терс таасирин тийгизет. Алар Кыргыз жарандыгын жоготот. Ошондуктан өкмөт мындай демилгени тез арада чакыртып алышы керек. Бул биздин талап. Өкмөт өзүнүн өлкөсүндө жумуш орун түзүп бере албаганы аз келгенсип, сыртта иштеп жүргөн жарандарды мекенинен куугандай таасир калтырууда. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардын саны 553 198. Алардын көпчүлүгүндө Кыргыз жарандыгы сакталган. Алар убактылуу кеткен жарандар", - дейт Акаев.