Талас облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө келген адамдардын бири медайымды ичке тээп, денесине залал келтирген. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя 28-январь күнү түшкү саат 14:00 чамасында орун алган. Жабырлануучу төрөт бөлүмүндө медайым болуп иштейт. Ошол күнү төрөтканага төрөгөн жакынын көргөнү бейтааныш 2 аял, 1 эркек келишкен. Бизди төрөт бөлүмүнө киргиз дешкенде медайым өз кызматын аткарып, "бизде карантин, төрөт бөлүмүнө кирүүгө болбойт" деп айткан. Сөздөн-сөз чыгып алар уруша кетип, аялдардын бири медайымдын ичине бир тепкен. Жабырлануучу 64 жаштагы Талас шаарынын тургуну ошол күнү кечинде Талас ШИИБине арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тиешелүү адамдарга соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.