Бишкекте айдоочу жөө адамдарды сүзүп кетти. Жабырлануучулар ооруканада

Бишкекте унаа сүзүп кеткен жөө адамдар Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланууда. Жабырлануучуларды кечээ, 29-январда унаа сүзүп кеткенин патрулдук милициянын басма сөз катчысы билдирет.

"Жол кырсыгы Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүндө орун алды. Анда саат 19:20 чамасында 1991-жылы туулган А.Ж. аттуу айдоочу №165 үйдүн жанынан 2 жөө адамды сүзүп кетти. Анын кесепетинен 1995-жылы туулган Ш.К. башынан жаракат алса, 1934-жылы туулган Д.Д. көкүрөгүнөн жаракат алды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп билдирет маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан