Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөндөн бери дээрлик бир апта өттү. Экотехинспекциясынын жетекчиси дале кызматтан бошотула элек

24-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөргөн. Анда ал өткөн жылдын аягында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери коррупцияга шектелип кармалганы боюнча сындаган.

Мамлекет башчы 28-январда Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын чечимине кол койгон. Чечимде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системдүү кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине мекемелик көзөмөлдүн жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталган.

Азырынча Жолдошбек Жунушев кызматынан бошотула электигин өкмөттүн басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан