Сот аткаруучу иш бөлмөсүндө пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 30-январында ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алуу учурунда Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Сот аткаруу кызматы бөлүмүнүн соттук аткаруучусу 1982-жылы туулган Н.Т. кармалды. Ал кызматтык абалынан пайдаланып, Ч.у.Э. аттуу Кыргыз жаранынан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган. Аталган сотко чейинки өндүрүш 326-берене боюнча (пара талап кылуу) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайынын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш-иштин алкагында ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.