Орусияда эмгектенген кыргыз мигранты 39 жаштагы жарандын өлүмүнө айыпталып жатканы маалымдалган. Бул боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги бүгүн, 31-январда билдирүү жасады.
Маалыматка ылайык, киши өлтүрүүгө шектелип кармалган 1994-жылы туулган Н. уулу М. аттуу Кыргыз жаранынын соттук отуруму 30-январда болду. Анда айыпталуучуга жактоочу жана котормочу жалданды.
"Сотко элчиликтин өкүлдөрү катышты. Соттун чечимине ылайык, Н. уулу М. 2 айга эркинен ажыратылды", - деп билдирет басма сөз катчысы.
Окуя 20-январда Симферополь бульварындагы супермаркеттердин биринде орун алган. Анда дүкөнгө кирген кардар бир нече мүнөт бою текчелердин айланасында жүрүп, соода кылбай эле чыгып кеткен. Дүкөндүн кассасында иштеген жаран (Кыргыз жараны) кардар күрмөсүнүн чөнтөгүнө бир банка кофени катып алганын айтып, видеобайкоодогу жазууну чогуу көрмөкчү болгон. Камерага жазылган видеону карап чыкканда, ырасында эле кардар кофени уурдап алганы аныкталган. Мындан улам алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, Кыргыз жараны кардардын ич жагына урган. Уурулук кылганга шектелген жаран алган жаракатынан улам бир нече сааттан кийин каза болгондугу маалымдалган.
Бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө амалдары улантылып жатат.