Бүгүн, 31-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз-Кытай чек арасын жабуу сунушун киргизди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун таралышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан кийин, министрлик чек араны жабуу сунушун айтканын билдиришти. Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынан Кыргыз-Кытай чек арасы, бардык өткөрмө пункттар жабык экенин билдиришкен.
SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасын жабууну сунуш кылып жатат. Ал эми Чек ара кызматы Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан бери убактылуу жабык экенин билдирген. Эки мамлекеттик түзүмдүн кимисине ишенүү керек?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Чек ара кызматынын маалыматы расмий болуп эсептеле турганын айтты.
"Менин оюмча, Чек ара кызматынын маалыматы расмий болуп эсептелет. Аталган кызмат чек араны кайтарып турат. Ошондуктан алардын берген маалыматы негиздүү жана туура деп ойлойм. Анткени аларда Кыргыз-Кытай чек арасында кимдер кирип жатат, кандай иштер аткарылып жатканы боюнча толук маалыматтары бар. Саламаттыкты сактоо министрлигинин чек ара боюнча маалыматы болбогондуктан, сунуш берип жаткан го. Алар маалыматты Чек ара кызматынан тактап алышса болмок", - дейт Келдибаев.