Бүгүн, 31-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз-Кытай чек арасын жабуу сунушун киргизди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун таралышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялагандан кийин, министрлик чек араны жабуу сунушун айтканын билдиришти. Буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынан Кыргыз-Кытай чек арасы, бардык өткөрмө пункттар жабык экенин билдиришкен.
SUPER.KG порталы "Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасын жабууну сунуш кылып жатат. Ал эми Чек ара кызматы Кыргыз-Кытай чек арасы 24-январдан бери убактылуу жабык экенин билдирген. Эки мамлекеттик түзүмдүн кимисине ишенүү керек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова коронавирус боюнча ар бир мамлекет чараларын көрүшү керектигин айтты.
"Кытайдын Жаңы жылына байланыштуу ар жыл сайын чек ара жабылат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму азыркы болуп жаткан окуялар боюнча чечим кабыл алды. Коронавирус эл аралык деңгээлдеги оору болду. Буга ар бир мамлекет чараларын көрүшү керек. Биз дагы өз убагында чара көрүп, талаптарыбызды коюшубуз зарыл. Өзүбүз сактанышыбыз керек. Саламаттыкты сактоо министрлиги чек араны жабуунун мөөнөтү бүтүп калгандыгы үчүн сунушташы мүмкүн", - дейт Исмаилова.