Бишкекте 25 жаштагы айым алдамчылыкка шектелип кармалды. Ал бирөөгө чалып алайынчы деген сураныч менен чала таанышынын телефонун алып, качып кеткен.
26-январда Ленин РИИБине шаар тургуну А.Э. кайрылып, чала таанышына карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыздануучунун айтымында, "Беш-Сары" соода комплексиндеги радио түйүндүн жанынан чала таанышын жолуктуруп калган. Анда жабырлануучуга таанышы жумуш таап берүүнү убадалап, бирөөгө чалып алайын деп смартфонун сурап, топ элдин арасына кире качкан. Телефондун каптамасында 2 миң сом дагы бар экенин айткан жабырлануучу.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
"Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делинип 1994-жылы туулган Д.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн мындан тышкары, шаар аймагында катталган кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн тергөө улантылып жатат", - дейт Ленин РИИБинин басма сөз катчысы.
Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо же ал тууралуу мындан башка дагы маалымат билсеңиз 102ге же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(312) 352-605, 0(312) 352-947, 0(999) 570-070, 0(706) 570-070.