К-рор жанрындагы музыка сүйүүчүлөрүнө жакшы жаңылык! "Айыптаба", "Суу астында", "Кайрадан", "Муз" жана башка ырлары менен популярдуу болгон "Ninety One" Q-рор тобу 1-февралда Бишкекке келет. Популярдуу аткаруучулар кыргыз-казак биргелешип тарткан “Карта мечты” аталышындагы фильмдин жабык көрсөтүлүшүндө концерт өткөрөт. Иш-чара Асанбай борборунда орун алат.
"Ninety One" Казакстандын шоу-бизнесине өзгөчөлүк алып келген. Топтун аталышы Казакстан Республикасынын эгемендүүлүк алганына байланыштуу. Жигиттердин сахнадагы алгачкы тушоосу 2015-жылы кесилген. Топтун алгачкы "Айыптаба" чыгармасы жергиликтүү музыкалык чарттарда 5 айга чукул лидерликти бербей келген. Кийинчерээк бул чыгарманы 50дөн ашык өлкө туурап чыккан.
Кызыгы топтогу жигиттердин өзгөчө стилине коомчулук терс карап, негативдүү ойлорун айтып, динге каршы чыгып жатышат деп дагы айыптаган.
Сүймөнчүлүккө ээ болуп, сынга дагы кабылган жигиттер тууралуу толук маалымат жана топ тууралуу кызыктар менен бул жактан тааныша аласыз.