Сот департаментинин мурунку директору пара алууга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Коррупциялык иштерге бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Сот департаментинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам бузуу фактысы катталды. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту жана Сот департаментинин имараттарын оңдоп-түзөө иштери боюнча тендер өткөрүүдө мамлекетке пайдасыз келишимдерди түзүү фактысы аныкталды. Биринчи май райондук сотунун жаңы имаратын куруу иштери боюнча тендер өткөрүүдө айрым кызмат ээлери оңдоп-түзөө иштерине келишим түзүү үчүн жеке ишкерлерден ири суммада акча алган.
Жогоруда укук бузууларда сот департаментинин жетекчилигинин катышуусу бар экендигине түздөн-түз далилдер алынды.
Буга байланыштуу тергөө иштеринин жыйынтыгында сот департаментинин статс-катчысы К.С., башкармалыктардын биринин бөлүм башчысы А.А., башкы адиси Г.Ж. жана ошондой эле Ж.Т.га карата камака алуу боюнча башкоргоо чаралары каралды", - деп жазылат маалыматта.