ТИМ: "Кыргыз өлкөсүнө киргизилген визалык чектөө америка-кыргыз мамилесине залакасын тийгизди"

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үчүн АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөсү тууралуу билдирүү таратты.

"Бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизди. Америкалык тарапка Кыргыз өлкөсүнө киргизилген биометриялык документтештирүү иштери объективдүү себептерден улам пландалган убактан узарып кеткени жакшы маалым. Кыргыз тарап АКШ менен керектүү маалымат бөлүшүү иш-чараларын аткарган. Кыргыз өлкөсү эл аралык коопсуздукту камсыздаган активдүү катышуучу болуп саналат, ошондой эле террорчулукка каршы күрөшүүдө өзгөчө салым кошуп келген жана келе берет. 80ге жакын биометрикалык паспорт киргизилбеген өлкөлөрдүн арасынан чектөө айрым гана өлкөлөргө киргизилиптир. Бул өнөктөштүк колдоо дегенге кирбейт.

Кыргыз өкмөтү бюрократия жана паракордукка каршы күрөшүүнүн эффективдүү ыкмасы катары санариптешүүнүн деңгээлин жогорулата бермекчи. АКШнын чечимин биз эки тараптуу кызматташтыкка аракети жок деп кабыл алдык. Ошентсе да Кыргыз өлкөсү мындан ары кыргыз-америкалык мамилеси үчүн конструктивдүү жана ыңгайлуу иштерди аткаруу үчүн ачыктыгын билдиребиз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан