Бишкек шаарында кошунасы мас абалда чатак салганы үчүн кармалган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"1-февралга караган түнү 102 кызматы аркылуу кошунасы мас абалында чатак салып жатат деген чакыруу келип түшкөн. Айтылган дареккке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 1970-жылы туулган Д.Ж. аттуу аял киши арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 01:00 чамасында кошунасы мас абалында чатак салып, эч себепсиз жаман сөздөр менен сөккөнүн айткан.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында 1991-жылы төрөлгөн К.А. аттуу жаран кармалган. Аталган факты Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - жазылат маалыматта.