K-pop жылдызы, "Big Bang" тобунун мурунку ырчысы Ли Сын Хён сойкулук уюштурууга шектелүүдө

Сынни каймана аты менен белгилүү "Big Bang" k-pop тобунун мурунку катышуучусу Ли Сын Хён сойкулук уюштурган деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"The Kora Herald" гезитинин берген маалыматына ылайык, ал ырчы кыздарды Япония, Тайвань, Гонконгдогу досторуна интимдик кызмат көрсөтүүгө көндүргөн. Ага кошумча Сынни өзү да мындай кызматтарды колдонуп жүргөн. Ошондой эле артист мыйзамсыз кумар оюндарына аралашкан.

Эске салсак, былтыр Сынни тууралуу "Burning Sun" аттуу түнкү клуб менен иштешип, ал жакка баңгизаттарды сатып, кыздарды зордуктап жүргөн деген маалымат тараган. 29-ноябрда бул окуя боюнча эки k-pop ырчыны клубда кыздарды зордуктоого күнөөлүү деп таап, 5 жана 6 жылга соттогон. Сынни болсо аталган клуб менен байланышы болгонун моюнуна алган эмес. Жазында ал k-pop дүйнөсүнөн кетип жатканын билдирген.

Эске салсак, Ли Сын Хён ырчы, актёр, бийчи жана жеке ишкер. 2000-жылдары ал "Big Bang" тобунун эң жаш катышуучусу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2020-02-02 01:58:39
Ак-мак!
0
Sakura715
2020-02-02 02:07:30
Бардык жактан идеалдуу болуу мумкун эмес экен да
0
brentfo
2020-02-02 15:18:39
Seksualnyikenda maladdes krasafchik
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан