Бүгүн, 1-февраль күнү Бишкек шаарында K-pop стилинде ырдаган казакстандык белгилүү "Ninety one" тобунун концерти болуп өттү.
Топ Гүлзат Мамытбек продюсерлик кылган казакстандык "Карта мечты" тасмасынын бет ачарына атайын конок катары катышып, андан соң жеке концертин берди. Концертке келген коноктордун басымдуу бөлүгүн жаштар ээлеп, Q-pop тобун кызуу колдоо менен тосуп алышты. Ошондой эле концертте Гүлзат Мамытбек жана анын уулу ырдаса, kg-pop музыкасынын өкүлү Чубанын ыр, бий тобу, режиссёр Нурлан Мамакеевдин "1 ай" тобу өнөрүн көрсөттү.