52 жаштагы актриса турмушка чыккандан 12 күндөн кийин жолдошу менен ажырашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 20-январда Памела Андерсон жана 74 жаштагы кинопродюсер Жон Питерс АКШнын Малибу шаарында жашыруун үйлөнүшкөн. Экөө той менен шашып кеткенби, айтор, 12 күндөн кийин нике тууралуу күбөлүгү колго тие электе ажырашууну чечишкен.
"Биз Жон экөөбүз сиздердин колдооңуздарга аябай кубандык. Бул ирет да бизди туура түшүнөсүздөр деп үмүт кылабыз. Биз жашоодон, бири-бирибизден эмне кааларыбызды түшүнүү үчүн өз алдынча жашоону чечтик", - деп актриса расмий билдирүү тараткан.
Эске салсак, Жон менен Памела 1980-жылдардын аягында таанышкан. Ошондо эле продюсер актрисанын колун сураганда Памела сунушун четке кагып койгон.
Жон Памела Андерсондун 5-никеси. Буга чейин актриса 34 жаштагы футболчу Адил Рами менен 2 жыл мамиледе болуп, үйлөнүүнү пландап жүрүшкөндө сүйүктүүсү эки "фронтто" жүргөнүн билип, андан кол үзгөн.