Айтылуу куудул Жаныбек Алыкуловдун уулдары апасына унаа белек кылышты. Бул тууралуу шоумен Манас Алыкулов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырган. Манас мырза менен байланышканыбызда унааны агасы Жанар жана иниси Гүлжигит үчөө алып бергенин айтат.
"Апам 14-январда 51 жашка чыккан. Бул ирет туулган күнүнө чоңураак белек жасайлы деп сүйлөшкөнбүз. Өтүп кеткен жекшемби күнү апабызды унаа базарга алып барып, өзү тандаган унааны алып бердик. Буга чейин апам агамдын, менин унаамды айдап жүрчү. 15 жылдык тажрыйбасы бар", - дейт ал.
Манас Алыкулов Honda CR-V унаасы 2012-жылы чыкканын айтат.