Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиева кыздуу болушту. "Ысымды балдызым коёт" дейт диктор

Диктор Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиеванын үйүндө толуктоо орун алды. Түгөйлөр бүгүн, 3-февралда кыздуу болушканы Мирзат мырзага байланышканыбызда белгилүү болду.

"Жубайым Айзуура Бишкектеги №2 төрөт үйүндө кызыбызды жарык дүйнөгө алып келди. Өзүм дагы эне-баланы көрө элекмин. Төрөтканада карантин жарыяланган экен, палатага кире албай турам. Буюрса, кызыбызга ысымды балдызым Сезим ыйгарат. Ал кандай ысым даярдап койгону белгисиз", - дейт экинчи ирет ата болгон Мирзат Муканов.

Түгөйлөр 2017-жылы 11-сентябрда уулдуу болушкан.

Диктор Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиева кыздуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
altyn2015
2020-02-03 10:34:02
Бешик боонор бек болсун!
+12
Adil18
2020-02-03 11:57:39
Бешик боонор бек болсун!
+7
Aimani
2020-02-03 13:12:25
Бешик боосу бек болсун. Өмүрү узун, бактылуу кыз болсун!
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-03 20:31:50
Айзуура бактылуу экен.
0
airada
2020-02-03 22:35:49
Бешик борбор бер болсун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан