Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган айдоочу кармалды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кичи автобустун айдоочусу эркек адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 31-январь күнү саат 20:45 чамасында болгон. Анда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 65-чакырымында эркек адамдын жансыз денеси жол жээгинде жатканы кабарланган. Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, маркумду сүзгөн айдоочуга издөө салынып, "перехват" планы жарыяланган. Ошондой эле айдоочу Форд Транзит унаасы менен сүзгөнү аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй шектүү айдоочу кармалып, ал 1995-жылы туулган жаран экени аныкталган. Айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, ал эми унаа айып короосуна токтотулган. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан