КҮНСОБОЛ: АКШ Кыргыз өлкөсүнө карата иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Тышкы иштер министрлиги "кара тизмеге" кирбеш үчүн жетиштүү аракет көрдүбү? Мамасалиев: "АКШ менен компромисстик чечимге келгенге аракет кылышыбыз керек эле"

АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргыз өлкөсүнө АКШга кирүүгө чектөө койду. Мындан улам Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизгенин билдиришкен. Ал эми АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу бул толук чектөө эместигин айтты. Ал визаларды туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга берүү улантыла бере турганын белгиледи.

SUPER.KG порталы "АКШ Кыргыз өлкөсүнө карата иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Тышкы иштер министрлиги "кара тизмеге" кирбеш үчүн жетиштүү аракет көрдүбү?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев бул жакта чоң геосаясий маселе турганын айтты.

"Вашингтон силерде биометрикалык паспорт жок деп бизди күнөөлөп жатат. Бул жөн эле шылтоо. АКШ акыркы 3 жылда жаңы стратегиялык эки тараптуу келишимди кабыл алганга ар кандай жолдор менен абдан чоң аракет кылышкан. Бирок биздин өкмөт бир топ сунуштаган маселелерге каршы. Мисалы, ЮСАИД аркылуу Кыргыз мамлекетинде иштеген аскер жана техникалык адистердин статусу боюнча, долбоорлордун каражаттарын көзөмөлдөө маселесине каршы. Тышкы иштер министрлиги АКШ менен компромисстик чечимге келгенге аракет кылышы керек эле. Кандай болбосун визалык чектөө бул биздин эл аралык беделибизге сөзсүз таасирин тийгизет", - дейт Мамасалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан