АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргыз өлкөсүнө АКШга кирүүгө чектөө койду. Мындан улам Кыргыз Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизгенин билдиришкен. Ал эми АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу бул толук чектөө эместигин айтты. Ал визаларды туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга берүү улантыла бере турганын билгиледи.
SUPER.KG порталы "АКШ Кыргыз өлкөсүнө карата иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Тышкы иштер министрлиги "кара тизмеге" кирбеш үчүн жетиштүү аракет көрдүбү?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров "кара тизмеге" кирбеш үчүн жалпы өкмөт аракет кылыш керек деген пикирде.
"Бул Тышкы иштер министрлигинин эле жумушу эмес. Биздин паспорттор ар кайсы жерде террорчулардан чыгып жатканы себеп болушу мүмкүн. АКШ мамлекеттин коопсуздугу боюнча иш-чара көрүп жатат да. Биздин көп мигранттар ошол жакта калып жатканы боюнча статистика бар болушу керек. Ошондуктан чектөө киргизишти. Жалпы өкмөт аракет көрүшү шарт. Өкмөттүн иши туура болушу керек деген ойдомун", - дейт Сабиров.