Саясат таануучу Токтогул Какчекеев: "АКШ бизде болуп жаткан окуяларга өзүнүн баасын берип, ушундай жыйынтыкка келип жатат". КҮНСОБОЛ

АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргыз өлкөсүнө АКШга кирүүгө чектөө койду. Мындан улам Кыргыз Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизгенин билдиришкен. Ал эми АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу бул толук чектөө эместигин айтты. Ал визаларды туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга берүү улантыла бере турганын билгиледи.

SUPER.KG порталы "АКШ Кыргыз өлкөсүнө карата иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Тышкы иштер министрлиги "кара тизмеге" кирбеш үчүн жетиштүү аракет көрдүбү?" деген собол салды.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев АКШ өлкөдө болуп жаткан окуяларга өзүнүн баасын берип, ушундай жыйынтыкка келип жатат.

"Биз Тышкы иштер министрлигин күнөөлөй албайбыз да. АКШ бизде болуп жаткан окуяларга өзүнүн баасын берип, ушундай жыйынтыкка келип жатат. Ошолордун эң эле орчундуусу Кыргыз паспортторунун коргоо белгилери начар. Кыргыз паспортун кылмышкерлер, террорчулар пайдаланып калган учурлар көп болгондуктан чектөө киргизип жатышат. АКШнын Кыргыз мамлекетиндеги элчисинин түшүндүргөнү боюнча, ишкерлерге, туристтерге жол ачык. Болгону мигрант болуп ошол жерге жашоого максат койгондор бара албайт", - дейт Какчекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан