АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргыз өлкөсүнө АКШга кирүүгө чектөө койду. Мындан улам Кыргыз Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизгенин билдиришкен. Ал эми АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу бул толук чектөө эместигин айтты. Ал визаларды туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга берүү улантыла бере турганын билгиледи.
SUPER.KG порталы "АКШ Кыргыз өлкөсүнө карата иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Тышкы иштер министрлиги "кара тизмеге" кирбеш үчүн жетиштүү аракет көрдүбү?" деген собол салды.
Саясий серепчи Эдил Осмонбетов бул маселе боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги аракет жасашы керек деген оюн айтты.
"Кара тизмеге" Беларусь да кирмек. Эки-үч апта мурун АКШ Кыргыз мамлекети менен Беларуска чектөө киргизет деген маалымат тараган. Эки-үч аптанын ичинде Беларустун Тышкы иштер министрлиги аракет көрүп, аларга АКШ чектөө киргизген жок. Кыргыз мамлекетиндеги жасалма паспорттор боюнча маалыматтар тарап жатат. Ошондуктан чектөө киргизүүдө. Тышкы иштер министрлиги аракеттерин көрүшү керек", - дейт Осмонбетов.